Такталбаган тарых.

Жалпы Кыргыз тарыхын талкуулоо
Правила форума
Кыргыз тарыхына тиешеси жок маалыматтар, кимдир бирөөнүн аброюна шек келирген маалыматтарды жазган колдонуучу форумдан эскертүүсүз өчүрүлөт.
Ответить
kgdiamond
Сообщения: 6
Зарегистрирован: 27 фев 2021 18:02

Такталбаган тарых.

Сообщение kgdiamond »

Урматтуу форумдун колдонуучулары.
Кыргыз эли кылым карыткан эл экени талашсыз. Бирок тарыхыбыз такталбаган талашы көп тарыхка айланып кетти. Илгерки кылымдарда далай чабыш, далай кыргынды башынан өткөргөн Кыргыз элинин тарыхын толук изилдеп чыгуу өтө эле кыйын.
Оозеки санжырада сакталып келген тарыхыбызды заманыбызга жараша санариптик форматка өткөрүү аракетин кылып sanjyra.net сайтын ачкам. Санжыраны сайтка жайгаштырууда көптөгөн так эместиктер, кайчы пикир жараткан маалыматтарга туш болуп жатабыз. Ошол себептен улам ушул форумду ачканга туура келди. Жалпылап изилдеп, талкууласак балким чиеленишкен түйүндүн учун табаарбыз. Ой пикириңиздерди, окуган маалыматтарыңыздарды ортого салыңыздар.
Ответить