Санжыра

Сарыбагыш уруусунун санжырасын талкуулоо
Ответить
Samat
Сообщения: 6
Зарегистрирован: 28 фев 2021 17:13

Санжыра

Сообщение Samat »

Чыңгызхан Алтайдагы Найман хандыгын талкалаганда, ал жерге, мурда, кара кытайлар Түркстанды басып алганда кылымдарда сүрүлүп барган кыргыздар батышка кайра сүрүлүп Ала Тоого келген. Ошондо кыргыздарды Жанкороз баштап келет. Андан Чамас туулат. Жанкороз менен Чамастын убагында Чыңгызхан Түркстанды каратып бүтүп, балдарына үлүш бөлгөндө, кыргыздар, Чагатайдын үлүшүнө туура келет. Чагатай кыргыздарды эки багышка бөлүп, башына Чамасты бий шайлайт. Чамастан – Ак уул, Куу уул туулат дейт. Ак уулду биринчи багышка бий кылып, Оң багыш дейт. Куу уулду экинчи багышка бий шайлап, Сол багыш дейт. Сары багыш, чоң багыш, кара багыш болуп ажырап кетет.
Последний раз редактировалось Samat 06 мар 2021 23:53, всего редактировалось 3 раза.
Samat
Сообщения: 6
Зарегистрирован: 28 фев 2021 17:13

Re: Санжыра

Сообщение Samat »

Сарыбагыш деген сары багыш (лось) болуп чечмеленбейт. Эң эле туура эмес нерсе деп ойлойм, Кыргызстанда кездешпеген жаныбарды “тотем” кылып — кыргыздар багышка сыйынган деп биринчи Аристов божомолдогон. Ошондон улап кеткен бул катачылык. Багыш деген жаныбар Енисейдин тайгасында жашаган үчүн, бул уруу Енисейден келген деп газета журналдарда жазылып кетет.

Багыш деген сөз байыркы түркчө «баг-»деген сөздөн келип чыккан. Жип, боо дегенди билдирген. Багыш - бириктирилген, боолаган деген мааниде. “Байлоо”, “боо”, “багындыруу” деген сөздөр «баг-»тан. Мүрүн Оң канат, Сол канат ордуна Оң багыш, Сол багыш болушу толук ыктымал. Ошондуктан Тагайдын ичинде — Сарыбагыш, Адыгиненин ичинде Карабагыш, Сол канаттын ичинде Чоңбагыш.
Ответить