Санжыра

Моңолдор уруусунун санжырасын талкуулоо
Ответить
Samat
Сообщения: 6
Зарегистрирован: 28 фев 2021 17:13

Санжыра

Сообщение Samat »

Муса Байгара уулу калтырып кеткен санжыра боюнча, Чериктердин тарыхын Моңолдор уруусунун чыгышына байланышытырып, эл арасында айтылган уламыштар көптөн кезигет. Ал уламыш мындай. Байыркы убакта Кашкар тарапта жашаган Нойгуттардын Болот деген ханы болгон. Ошол Болот-хандын Кылыч деген уулу туулат. Кылычтын биринчи аялынан Дайыр жана Көкө деген эки уул болот. Балдар чоңоюп калганда энеси көз жумуп Кылыч-хан экинчи аялга үйлөнөт. Ал аял жаштыгы менен эркелеп Кылыч-ханга жагып, мурдагы аялынан калган балдарды өгөйсүтүп жек көргүзө баштайт. Анын үстүнө, өзүнөн бала болуп калса, атасынын хандыгы мурдагы салт боюнча улуу балдарына калат деп, өз баласынын камын ойлоп Дайыр менен Көкөнү амал менен жоготкусу келет. Ошол учурда Кылыч-хан вазир, бектери, жигиттери менен салбарыңга аң улап чыгып кетет. Хан кайта келгенде, эрке токолу эки көзүн кызартып, мурдунун суусун булак кылып ыйлап отурган болот.
Чоочуп кеткен хан:
– Эмне болду? – деп сурайт.
– Эмнесин сурайсың, айта турган иш эмес! – деп ого бетер ыйлайт. Хан:
– Эмне болсо да айткын! - деп буйрук берет.
– Сен аң улоого кеткенде, эки улууң мага көз артып, абийиримди кетирип коё таштады, жогот уулдарыңды, - деп буркурап ыйлайт. Хан, аялдын чагым кебин чын-жалганын териштирип отурбай, желдетин чакырып, эки баланы талаага алып барып өлтүрүп ташта! - деп буйрат. Желдет Дайыр менен Көкөнү айдап алып жөнөйт. Жолдон эки бала жигитке жалынып:
— Биздин каныбызга сабыл болбо, убалыбызга калбаңыз, биз ак жерден өлгөн турабыз, — дейт. Желдет ал сөзгө ишенип, бирок хандан коркуп:
— Мен силердин ак экениңерге көзүм жетип турат, силерди коё берейин, ич кийимиңерди чечип бергиле, бул жерден алыс кетсеңер болду. Кандын көзүнө экинчи көрүнсөңөр, мен дагы, силер дагы өлөсүңөр, - дейт. Желдет балдардын ич кийимин улактын канына боёп, канга алып барып берет. Эки бала ошондон качып отуруп Ат-Башы, Арпаны басып, ошол кезде Нарындын башын жайлап жүргөн Адыгине, Тагайга келип башынан өткөн окуяларын бүт айтып берет. Адигине, Тагай:
— Биз менен жүрө бер, - деп, Дайырга төө кайтартып, Көкөгө уй бактырып коёт.
Ошол мезгилде, кыргызга жанаша жашап турган калмак ханы - Корун той берип:
— Балбан күрөш кылам, кыргыздар балбанын алып келсин, шартым бар: кыргыз балбаны жеңсе жерин таштап кетем, балбаны жеңилсе Улуу Тоону, Керме Тоону бүт мага берет! - деп, жардык кылат.
Адигине, Тагай кыргыздардын уруу башчылары менен кеңешип, калмактын бөкө балбаны Шаброого тең келе турган балбан таба албай, же жерди кыйып таштап кете албай катуу кыйналат. Ошондо бойго жетип, толуп турган Көкө:
— Мага ишенсеңер, балбанга түшөм, - дейт. Анда Тагай:
— Бул жөн күрөш эмес, мында, кыргыздын жери бүт сайылып жатат, анын үстүнө, жыгылган балбандын башы ошол жерде алынат, ошону билесиңби? - дейт.
— Аны билем, элим үчүн башым садага, элдин тентигенин көргөндөн көрө, өлгөнүм артык! - деп жооп берет.
Угуп турган эл ыраазы болуп, Көкөнү тойго алып жөнөйт. Калмактын бөкө балбаны алачыктай неме экен, колуна тийсе мыжыгып коё турганын билип, Көкө, тийип-качып, ит урушун салып күрөшөт. Экөө күнү-түнү кармашат. Акыры, Шарбоо чарчап, кыймылда албай калганда, Көкө, көтөрүп урат. Атайы коюлган желдет, Шарбоонун башын алат. Калмактар убада боюнча, кыргыз жеринен кетет. Көкө, Дайыр - ошондон кадырга ээ болуп, эл көзүнө көрүнөт. Адигине, Тагай кеңешип туруп, эжеси Наалыны Көкөгө алып беришет. Наалыдан Моңол туулат. Көкө калмак кызынан токол алат. Андан туулган баласына Дор деп ат коёт. Моңол менен Дордун тукуму, кийин Моңолдор уруусун түзөт. Ал эми, Көкөнүн бир тууганы Дайыр болсо:
— Мен улуу болсом, Наалыны мага алып бербей Көкөгө алып берет - деп, таарынып, казакка кирип кетет. Казак ичинде Дайырдан тараган тукум — Жалайыр аталып калган дейт.
Көкө, кыргыз ичинде, кадыр-баркка ээ болгондон кийин кол курап ары, Нойгутта калган атасын чапмак болот. Барса, алар бул кабарды угуп бүткүл Нойгутту көчүрүп, качып кеткен болот. Хандын журтунда, сырдалган кооз бешикке бөлөнгөн бала кала берген экен. Элдик уламыштарга караганда, ал, Кылыч-хандын токолунун баласы экен. Көкө аны алып келип, Наалынын колуна тапшырат. Ал баланы черүүдөн (жоодон) табылды деп, атын Черик коюшат. Анын тукумунан Черик уруусу тарайт. Тагай бийдин тондуу уулу катары Оң канатка кирет. Моңолдор менен Чериктин тукумунун бири-бири менен жакындыгын да, ушундай түшүндүрөт.
Моңолдор менен Черик ар дайым бирге айтылып, бирге жүргөн. XVI кылымдын кол жазмасы катары бизге жеткен Мажму ат-Таварихте Анка Төрөнүн эки уулу Мухаммед Бек (лакаб аты Көкө) жана Ахмед Бек болгон.
Ахмед Бектен Ак Чубак, Бай Чубак, Диван Черик, Молдо Черик, Кара Черик деген балдары болгондугу айтылат.
kgdiamond
Сообщения: 6
Зарегистрирован: 27 фев 2021 18:02

Re: Санжыра

Сообщение kgdiamond »

Туура. Биз бала кезден эле угуп жүргөн санжыра ушундай болчу. Менин оюмча ушул вариант эң туурасы.
Азыр ар кандай вариантарды окуп жүрөбүз. Кээ бири Чыңгыз ханга буруп жүрүшөт Кылыч ханды.
kgdiamond
Сообщения: 6
Зарегистрирован: 27 фев 2021 18:02

Re: Санжыра

Сообщение kgdiamond »

Samat писал(а): 04 мар 2021 16:15 Казак ичинде Дайырдан тараган тукум — Жалайыр аталып калган дейт.
Дайыр өтө күчтүү, балбан киши болгон экен. Чуркап бараткан айгырды жалынан кармап токтоткондо жал айрылып колунда калып калган. Ошондон кийин жал айырды, жалайыр деген атка конгон деп уккам.
Samat
Сообщения: 6
Зарегистрирован: 28 фев 2021 17:13

Re: Санжыра

Сообщение Samat »

Бул эң эле туура санжыра.Тарых булактар менен дал келет.

1) бул уламыш кыргыздын калыптанышы жөнүндө. Кашкар тарап деген 15-16 кылымдагы Моголстан мамлекети.
2) кыргыздар калмактар (ойроттор) менен кошо жашашкан Алтай жана Алатоодо. Күрөш сюжети жөн эле айтылган эмес. Тарыхта болгон окуя. 15 кылымда ойрот менен кыргыздар Алтайдан бирге келип Моголстанды чабат. Эсенкан уулу Эсмет жетектеген (Семетей). Ойрот менен кыргыздар кийинчерээк урушуп кетип, кыргыздар чыгып кетет ойрот бирикмесинен.
3) Дайыр деген казактын Тахир ханы. Ошону үчүн жалайырга кетирип салган уламышта (намек на казахское происхождение). Тахир хан 16 кылымда кыргыздарды башкарган, Кашгардын ханына (Султан Сейитке) каршы чыгып Атбашыны кайтарып алган кыргыздарга.
4) Көкө деген Мухаммед-кыргыз. Мажму ат-Таварих боюнча.
5) Кыргыздар моголдорду нойгут дешчү.
6) Кылыч эгерде «хан» болсо, анда ал Чагатайдын тукумунан. Тарыхта Пулат хан жана Клыч хан дегендер болгон. Бул маалымат Шах Махмуд Чурастын китебинде айтылат.

Көкө, Дайыр Алатоону калмак менен Кашкардан бошотуп, кыргыз мене Алатоолук моголдорду бириктирет. Ошентип, кыргыздар Кыргызстанды ээлейт.

«Моңолдор—журттун уюткусу» ушундан.
Adilet
Сообщения: 2
Зарегистрирован: 28 фев 2021 17:58

Re: Санжыра

Сообщение Adilet »

Муса Байгара уулунун санжырасы электронный варианты барбы?
Samat
Сообщения: 6
Зарегистрирован: 28 фев 2021 17:13

Re: Санжыра

Сообщение Samat »

Ответить